Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

карызды кечүү

аннулирование долга

Карызды кечүү

Добровольное полное или частичное аннулирование долговых обязательств в рамках договорного соглашения между кредитором и заемщиком.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Карызды кечүү

Кыргызский Русский
Карызды жана активдерди башкаруу Долгов и управление активами
Мамлекеттик карызды жана күтүлбөгөн милдеттенмелерди башкаруу Управление государственного долга и условных обязательств
секьюритизация - баалуу кагаздардагы насыялар жана эсептелген пайыздар боюнча карызды кайра түзүү процесси; Секьюритизация представляет собой процесс ссудной задолженности и процентов, начисленных реструктуризации в ценные бумаги;
Фирмалар ортосундагы карызды эске албаганда, экономиканын бардык секторлорунда кредиттер жана насыялар (займдар) боюнча айкын милдеттенмелердин орду жабылбаган калдыгы. Остаток непогашенных фактических обязательств по кредитам и займам всех секторов экономики за исключением межфирменной задолженности.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттер аралык эсептешүүлөр боюнча карызды текшерүү жана жөнгө салуу жагынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу түзсүн. Правительство КР должно заключить договор с Национальным банком Кыргызской Республики по настройке и урегулирования задолженности по межгосударственным платежам.
Имарат жайга болгон өзүнүн укугун ишке ашырууга шериктиктин ниеттенүүсү жөнүндө кабарлаган билдирүүдөн кийин отуз күндүн ичинде ипотека боюнча кредитор аталган имарат жай боюнча карызды түзгөн шериктикке тиешелүү болгон төлөмдөрдү жүргүзө алат. После получения уведомления от партнерства, которое она намерена реализовать свои права в отношении помещения, ипотечный кредитор имеет тридцати дней со дня такого уведомления, в котором платить Партнерства любые суммы, причитающиеся по отношению к посылк
Карызды карыздык эмес милдеттенмеге (мисалы, капиталга катышуу инструментине) же улуттук валютадагы эквиваленттүү каражатка (мисалы, айкын долбоорду, программаларды же башка иш-чараларды каржылоого багытталышы мүмкүн болгон каражаттарга) алмашуу. Обмен долга на недолговое обязательство (например, на инструменты участия в капитале) или на эквивалентные средства в национальной валюте (например, на средства, которые могут быть направлены на финансирование конкретного проекта, программы или других мероприятий)
Төлөө мөөнөтү өтүп кеткен карызды кошо алганда, алгачкы карызды жаңы карыздык инструменттерге конверсиялоо. Башкача айтканда, жаңы карыздык милдеттенмелер аркылуу мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды же карызды тейлөө боюнча келечектеги милдеттенмелерди “төлөө” ишке ашырылат. Конверсия первоначального долга, включая просроченную задолженность, в новые долговые инструменты. Иными словами, при помощи нового долгового обязательства производится «оплата» просроченных платежей или будущих обязательств по обслуживанию долга.
Кредиттин/насыянын (займдын) жеңилдетилген шарттарда берилгендигинин көрсөткүчү, ал кредиттин/насыянын (займдын) номиналдык наркы менен карызды тейлөө боюнча карызгерден кармалып калуучу болочоктогу дисконттолгон төлөмдөрдүн суммасы ортосундагы айырманын, насыянын (займдын) номиналдык наркына карата катышы катары эсептелинет. Показатель льготности кредита/займа, рассчитываемый как отношение разности между номинальной стоимостью кредита/займа и суммой дисконтированных будущих платежей по обслуживанию долга, причитающихся с заемщика, к номинальной стоимости займа.
Карызды кайра өзгөртүп түзүү, кредитор сыяктуу эле, карыз алуучунун катышуусу менен түзүлгөн, эки тараптуу келишимдин натыйжасы болуп саналат, карызды тейлөө шарттары ага ылайык өзгөртүлүп түзүлөт. Карызды кайра өзгөртүп түзүү кайра тариздөөнү, кайра каржылоону, карызды кечүүнү, конверсиялоону жана карызды мөөнөтүнөн мурда төлөөнү камтыйт. Реорганизация долга является результатом двусторонних соглашений, заключаемых с участием как кредитора, так и заемщика в соответствии с которыми изменяются условия обслуживания долга. Реорганизация долга включает переоформление, рефинансирование, прощение, конверсию и досрочную выплату долга.
Бул, пайыздын белгиленген ченине ылайык, карызды тейлөө боюнча келечектеги бардык төлөмдөрдүн дисконттолгон суммасы. Эгерде пайыздык чен милдеттенме боюнча келишимдик ченге барабар болсо, анда келтирилген нарк номиналдык наркка барабар болот, ал эми пайыздык чен рыноктук чен болуп саналса, келтирилген нарк карыздын рыноктук наркына барабар болот деген түшүнүк келип чыгат. Приведенная стоимость — это дисконтированная сумма всех будущих платежей по обслуживанию долга по заданной ставке процента. Если ставка процента равна договорной ставке по обязательству, то из этого логически вытекает, что приведенная стоимость равна номинальной стоимости, а если ставка процента является рыночной ставкой, то тогда приведенная стоимость равна рыночной стоимости долга.
Карызды төлөө мөөнөтү келип жеткенге чейинки убакыт аралыгы. Орду жабылбаган кыска мөөнөттүк тышкы карыз өлчөмүн (баштапкы төлөө мөөнөтү боюнча) жана жакынкы жылдар ичинде төлөнүүгө тийиш болгон, орду жабылбаган узак мөөнөттүү тышкы карыздын өлчөмүн (баштапкы төлөө мөөнөтү боюнча) кошуу аркылуу, кыска мөөнөттүк орду жабылбаган тышкы карызды төлөөгө чейинки калган мөөнөт боюнча эсептөө сунуш кылынат. Период времени до наступления срока выплаты долга. Рекомендуется измерять краткосрочный непогашенный внешний долг по остаточному сроку до погашения путем сложения величины непогашенного краткосрочного внешнего долга (по первоначальному сроку погашения) и величины непогашенного долгосрочного внешнего долга (по первоначальному сроку погашения), подлежащего погашению в течение ближайшего года.
Жыл ичинде карызды тейлөөнүн (төлөөгө каралган пайыздарды жана негизги сумманы) салыштырмалуу көрсөткүчү, ал ошол жылдагы экспорттон (эрежедегидей эле товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдөн) же жыл ичиндеги бюджет кирешесине карата пайыздарда туюндурулат. Келечекте карызды тейлөө коэффициентин эсептөө үчүн экспорттук же бюджеттик түшүүлөргө алдын ала баа берүү зарыл. Бул коэффициент өлкөнүн карыз оорчулугунун маанилүү көрсөткүчү болуп эсептелинет. Относительный показатель обслуживания долга (причитающиеся к выплате проценты и основная сумма) в течение года, выражаемый в процентах от экспорта (как правило, товаров и услуг) за этот год, либо к доходам бюджета за год. Для вычисления коэффициентов обслуживания долга на перспективу необходимы определенные прогнозные оценки экспортных или бюджетных поступлений. Этот коэффициент считается важнейшим показателем бремени задолженности страны
Карызды кайра тариздетүү дегенден улам, карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү расмий кийинкиге жылдырууну жана кийинкиге жылдырылган сумма боюнча жаңы, кыйла узартылган мөөнөттөрдүн белгиленишин түшүнүү зарыл. Карызды кайра тариздетүү карыз алуучунун карыз оорчулугун жеңилдетүү ыкмаларынын бири болуп саналат. Ал кийинкиге жылдыруу, ал эми жеңилдик шарттарында кайра тариздетүү учурунда, карызды тейлөө боюнча милдеттенмелерди кыскартуу аркылуу ишке ашырылат. Под переоформлением долга понимается официальная отсрочка платежей по обслуживанию долга и применение новых и более длительных сроков погашения по отсроченной сумме. Переоформление долга является одним из способов облегчения бремени задолженности заемщика путем отсрочки и, в случае льготного переоформления, сокращения обязательств по обслуживанию долга.
Тышкы карыз боюнча төлөөлөргө карата карыз алуучунун өлкөсүнөн тышкары жайгашкан банктарда ачылган жана алар аркылуу анын экспорттук пайдасынын жарымы өтө турган эсептер колдонулат. Эрежедегидей эле, бир жылдык мөөнөттөгү мындай эсептердеги калдыктар карызды тейлөө боюнча келечекте келип чыгуучу төлөмдөрдүн ордун жабуу үчүн каралган. Ушундан улам, мындай эсептердин бенефициарынан болгон кредиторлор өз карыздары боюнча кошумча камсыздоолорду жана карызды тейлөөдө айкын артыкчылыкты алышат. Применительно к выплатам по внешнему долгу – счета, которые обычно открываются в банках, находящихся за пределами страны заемщика, и через которые проходит часть экспортной выручки заемщика. Как правило, остатки на таких счетах сроком один год предназначены для покрытия будущих платежей по обслуживанию долга. Благодаря этому кредиторы, являющиеся бенефициарами таких счетов, получают дополнительное обеспечение по своим займам и фактический приоритет при обслуживании долга.
Капиталдаштырылган пайыздар – бул, эсептелинген пайыздык чыгашаларды же келечектеги пайыздык төлөмдөрдү жаңы карыздык инструментке же кредитор менен түзүлгөн макулдук келишиминин негизинде карыздын негизги суммасына конверсиялоо. Пайыздык чыгашаларды карыздын негизги суммасына же айкын карыздык инструментке тиешелүү ачык макулдашуунун негизинде же карызды кайра тариздетүү келишиминин алкагында реинвестициялоо – капиталдаштыруунун эң эле кеңири тараган формасынан болуп саналат. Карызды кайра тариздетүү келишиминин алкагында пайыздардын төлөө мөөнөтү консолидациялоо учуруна туура келген айрым бир бөлүгү, кредитор менен макулдашуунун негизинде көпчүлүк учурда карыздын негизги суммасына кошулат. Капитализированные проценты — это конверсия на численных процентных расходов или будущих процентных платежей в новый долговой инструмент или в основную сумму долга на основе договорного соглашения с кредитором. Наиболее распространенной формой капитализации является реинвестирование процентных расходов в основную сумму долга либо на основе явной договоренности относительно конкретного долгового инструмента, либо в рамках соглашения о переоформлении долга. В рамках соглашения о переоформлении долга определенная часть процентов, срок выплаты которых приходится на период консолидации, нередко причисляется к основной сумме долга на основе договоренности с кредитором.
Карыздын төлөнбөгөн номиналдык наркы менен операция жүргүзүлгөн валюта үчүн колдонулган пайыздык чен боюнча дисконттолгон, карызды тейлөө боюнча келечектеги төлөмдөрдү салыштыруу максатында, кредит же насыя (займ) берилген учурга карата жүргүзүлгөн, карыздын номиналдык наркына пайыз түрүндө туюндурулган таза келтирилген наркты эсептөө. Карыздын жеңилдетилген деңгээли (же байланыштуу жардамдын) эки тараптуу негизде окшош эле эсептелет, бирок карыздын номиналдык наркынын ордуна насыянын (займдын) жалпы наркы, б.а. кредитор тарабынан берилген сыяктуу эле, берилбеген каражаттарды да эске алуу менен алынат, ал эми булардын айырмасы грант-элемент деп аталат (Грант-элементти жана Таза келтирилген наркты карагыла.) Выраженный в виде процента от номинальной стоимости долга расчет чистой приведенной стоимости, производимый на момент предоставления кредита или займа, с целью сопоставления непогашенной номинальной стоимости долга и будущих платежей по обслуживанию долга, дисконтированных по процентной ставке, применимой для валюты операции. Уровень льготности долга на двусторонней основе (или связанной помощи) рассчитывается аналогичным образом, однако вместо номинальной стоимости долга берется нарицательная стоимость займа, то есть с учетом как предоставленных, так и не предоставленных кредитором средств, а разница называется грант-элементом. (См. также Грант-элемент и Чистая приведенная стоимость.)
Өкмөттөр-кредиторлордун расмий эмес тобу. Бул топ 1956-жылдан бери карыздарды эки тараптуу негизде кайра тариздетүү үчүн Парижде туруктуу негизде жолугушуп турат. Мында Франциянын Казыналыгы катчылыктын милдетин аткарат. Кредиторлор карызды тейлөөдө кыйынчылыкка дуушар болуп жаткан өлкөлөргө сунушталган эл аралык колдоонун алкагында жана ЭВФ тарабынан колдоого алынган турукташтыруу программасына ылайык, карыз алуучу өлкөнүн карыздарын кайра тариздөө үчүн жолугушуп турушат. Париж клубу туруктуу мүчөлөргө ээ эмес жана анын кеңешмелерине аталган клубдун иш тажрыйбасына жана тартибине макул болгон бардык расмий кредиторлор катыша алышат. ОЭСРге мүчө мамлекеттер анын негизги кредиторлорунан болуп саналат, бирок карыз алуучу өлкө менен мамиле түзгөн башка кредиторлор да жолугушууларга катыша алышат. Неофициальная группа правительств-кредиторов, которые начиная с 1956 года регулярно встречаются в Париже для переоформления долга на двусторонней основе; функции секретариата выполняет Казначейство Франции. Кредиторы встречаются со страной-заемщиком для переоформления ее долговых обязательств в рамках международной поддержки, предоставляемой странам, испытывающим затруднения с обслуживанием долга и осуществляющим поддерживаемую МВФ стабилизационную программу. Парижский клуб не имеет постоянных членов, и в его совещаниях могут участвовать все официальные кредиторы, которые согласны с его практикой и порядком работы. Основными кредиторами являются, главным образом, государства-члены ОЭСР, но во встречах принимают участие и другие кредиторы, имеющие отношение к соответствующей странезаемщику.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жөнгө салуучу талаптарына ылайык, классификациялануучу кредиттерге төмөнкүлөр кирет:
1) Субстандарттык кредиттер – бул:
- төлөө мөөнөттөрү узартылган (30 күнгө чейин) кредиттер,
- кредиттик келишимге ылайык, пландык төлөмдөрү кредиттин мөөнөтү бүткөнгө чейин (60 күнгө жана андан ары) узартылган кредиттер,
- кредиттин мөөнөтү бүткөндөн кийин анын пайыздары жана негизги суммасы боюнча төлөм мөөнөттөрүн узартуу менен (30 күнгө чейин);
2) Шектүү кредиттер – бул:
- карыз алуучу финансылык абалынын начарлоосунун кесепетинен кредит боюнча пайыздарды гана эмес, анын негизги суммасы боюнча да пландык төлөмдөрдү төлөй албай калган кредит,
- мөөнөтү бүткөндөн кийин да 90 күндөн ашыгыраак убакыт төлөнбөй калган кредит,
- пролонгациялоону кошо алганда, бир нече жолу реструктуризацияланган кредит,
- кардардын жоготууларын жана чыгымдарын улам көбөйткөн кредит,
- күрөөнүн рыноктук наркы төмөндөп, сапаты начарлап, анын ликвиддүүлүгү шектенүүнү жараткан кредит, ал эми күрөөнү баштапкы баада сатуу кыйынга турган кредит;
3) Жоготуу катары классификацияланган кредиттер – бул, төмөнкү бир же бир нече мүнөздөмөлөргө ээ болгон кредиттер:
карыздын 90 күндөн ашыгыраак убакыт төлөнбөй узарып кетиши;
3 жолудан көбүрөөк пролонгацияланышы (узартылышы);
күрөөнүн жоктугу же рыноктук жагдайлардан улам аны сатуу мүмкүн эмес болсо;
кардардын карызды төлөөгө жөндөмсүздүгү, андан баш тартышы, же болбосо айкын ордун жабуусуз эле төлөп берүү ниетин билдириши жана активдин ордун жабуу үчүн экинчи каражат алуу булагынын жоктугу; кардардын банк менен кызматташууга ниеттенбеши же болбосо кардар менен байланышуу мүмкүн эмес болсо; кардардын бизнесинин токтотулушу же анын банкрот абалда калышы.
Мында, жоготуу катары классификацияланган активдердин наркы өтө төмөн болгондугунан улам, алар банктын балансында нөлдүк наркта чагылдырылат.
Классифицируемым кредитам с точки зрения регулятивных требований Национального банка Кыргызской Республики относятся:
1) Субстандартные кредиты – это кредиты:
- с продленными сроками выплаты (до 30 дней),
- с просроченными плановыми платежами (60 дней и более) согласно кредитному договору, до истечения срока кредита,
- с просроченными платежами (до 30 дней) по процентам и основной сумме после окончания срока кредита.
2) Сомнительные кредиты – это кредиты по которым:
- заемщик перестал производить плановые платежи не только по процентам, но и по основной сумме в результате ухудшения финансового состояния,
- длительность просрочки кредита составляет более 90 дней, после окончания срока кредита,
- имеет место неоднократная реструктуризация кредита, включая пролонгацию,
- увеличиваются потери и убытки клиента,
- снижается рыночная стоимость залога, ухудшается качество, ликвидность залога является со- мнительной, залог – труднореализуемым по цене первоначальной оценки.
3) Кредиты, классифицируемые как потери – это кредиты, которые обладают одной или несколькими из следующих характеристик:
просроченная задолженность более 90 дней; пролонгация более 3-х раз;
отсутствие залога или невозможность его продажи из-за отсутствия рынка;
неспособность, отказ клиента погасить задолженность, либо намерение оплаты без осуществления реального погашения, и отсутствие вторичного источника для погашения актива;
нежелание клиента сотрудничать с банком либо отсутствие клиента;
прекращение работы бизнеса клиента либо объявление его банкротом.
При этом, активы, классифицированные как потери, имеют такую низкую стоимость, что отражаются на балансе банка по нулевой стоимости.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: